Өлкөдө жети айда 525 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Өлкөдө жети айда 525 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда өнөр жай ишканалары 525,3 млрд сомдук дүң продукция өндүрдү. Өндүрүш көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,2%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Өсүш тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки продукцияларын өндүрүүдө 2,4%ды, негизги металлдарда 8,5%ды, фармацевтикалык продукцияда 13%ды түздү.

Курулуш материалдарын өндүрүү 33,6%га, жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык продукция 37,5%га, транспорт каражаттары 41,8%га көбөйдү. Тазаланган мунай продукцияларын өндүрүү 1,8 эсеге, химиялык продукция 2,9 эсеге өстү. Пайдалуу кендерди казып алуу 16,9%га көбөйдү.

Ошол эле учурда текстиль жана кийим өндүрүшү 7,1%га төмөндөдү. Бул Россиядагы пилотсуз учуучу аппараттардын чабуулдарынан улам Wildberries компаниясынын кампа жана логистикалык инфраструктурасындагы үзгүлтүктөргө байланыштуу болушу мүмкүн.

Электр энергиясы, газ жана буу менен камсыз кылуу 0,2%га кыскарды. Буга электр энергиясын өндүрүүнүн 5,1%га төмөндөшү себеп болгон.

Суу менен жабдуу, тазалоо жана калдыктарды иштетүү тармагындагы өндүрүш көлөмү 17,3%га өстү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн ИДПнын өсүшүнө кошкон салымы 2 пайыздык пунктту түзүп, ИДПнын өндүрүш түзүмүндөгү үлүшү 19,6% болду.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media