Караколдо эмерек өндүрүү долбоору ишке кирсе, 150дөн ашуун жумуш орду түзүлөт
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында заманбап эмерек өндүрө турган заводдун ири инвестициялык долбоору жыл аягына чейин ишке кирет. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Нурислам Эмерек" ишканасынын инвестициялык долбоорунун алкагында 150дөн ашуун жаңы жумуш орду түзүлөт.
Белгиленгендей, иш орундарынын 70%га жакыны жергиликтүү тургундарга берилет. Ошондой эле эмерек жасоо тармагында тажрыйбасы жок жарандарга кесипти иш үстүндө үйрөнүп, жумушка орношууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ишканада кызматкерлердин эмгек жана эс алуу шарттарына да көңүл бурулуп, аларды жылына бир жолу санаторийлерге жөнөтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Ал эми ширетүүчүлөргө жумуштун өзгөчөлүгүнө байланыштуу эртең менен сүт берилет.
Долбоордун ишке кириши Каракол шаарында жумуш орундарын көбөйтүп, ата мекендик эмерек өндүрүшүн кеңейтүүгө жана шаардын өнөр жай тармагындагы мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.