Кыргызстандагы АӨБ каржылаган долбоорлордун ишке ашырылышы талданды

Кыргызстандагы АӨБ каржылаган долбоорлордун ишке ашырылышы талданды

Финансы министрлигинде 2026-жылдын экинчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен каржыланып жаткан долбоорлордун ишке ашырылышы каралды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана долбоорлорду ишке ашыруучу бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышты.

Маалыматка ылайык, жыйында аталган банктын эсебинен каржыланып жаткан долбоорлордун учурдагы жыйынтыктары, аларды ишке ашырууда жаралган көйгөйлөр жана негизги маселелер талкууланды.

Ошондой эле каражаттарды өз убагында өздөштүрүү, долбоорлорду натыйжалуу башкаруу, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга көңүл бурулду.

Белгиленгендей, тараптар Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган долбоорлорду ырааттуу ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат