Чүйдөгү айнек өндүрүүчү ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлөт
Чүй облусунда айнек продукциясын өндүрүүчү "ГЛАСС ЦЕНТР" ишканасы августтун аягында ишке кирет. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлөт. Өндүрүштүк кубаттуулугу айына 12 миң чарчы метр, жылына 144 миң чарчы метрден ашык өндүрүм чыгарууга жетет.
Белгиленгендей, долбоордун негизги максаты — ички рынокту ата мекендик өндүрүм менен камсыз кылуу, импорттук жабдууларга көз карандылыкты азайтуу жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү.