Өзгөндөгү оорукананын курулушуна 1 млрд 350 млн сом бөлүндү
Өзгөн шаарында 400 орундуу оорукананын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Ормонов жана Сүйүнбек Өмүрзаков Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышышты.
Борбордук аймактык оорукананын имаратынын курулушуна 1 млрд 350 млн сом, медициналык жабдууларды сатып алууга 650 млн сом каралган.
Оорукана Кыргызстандын Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланып, жыл аягына чейин пайдаланууга берилери белгиленди.


