Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Кыргыз дрондору Түркияга жана эл аралык рынокко экспорттолушу мүмкүн

Стамбулда Кыргызстандын "Qarga Group" компаниясы менен Түркиянын "ZENA Elektrik ve Enerji A.Ş." компаниясы энергетикалык инфратүзүмгө учкучсуз аппараттар аркылуу мониторинг жүргүзүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты.

Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда "Qarga Group" компаниясы энергетикалык объектилерди абадан көзөмөлдөөгө арналган "учуучу канат" тибиндеги учкучсуз аппаратын тааныштырды.

Тараптар Кыргызстандагы жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларын, күн электр станцияларын жана башка энергетикалык объектилерди дрондордун жардамы менен көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Талкуунун жыйынтыгында Түркиянын адистеринин Кыргызстанга келип, аппаратты талаа шартында сыноодон өткөрүүсү боюнча алдын ала макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары, жолугушууда Түркиядан Кыргызстандын күн энергетикасы тармагына инвестиция тартуу маселеси да сөз болду.

Эгер талаа сыноолору ийгиликтүү аяктаса, Кыргызстанда иштелип чыккан учкучсуз аппараттарды Түркияга экспорттоо жана аларды эл аралык рынокко чыгаруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөрү белгиленди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Бүгүн Ереванда президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 документке кол коюлду. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Сапардын алкагында төмөнкү документтер кабыл

Ишкер Media
“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы

Ишкер Media
18-октябрда Бишкекте  төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

18-октябрда Бишкекте төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” белгилүү ырчы Шакиранын концерттик программасы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө. Ушуга  байланыштуу жүргүнчүлөргө сапарларын алдын ала пландаштырууда каттамдардын

Ишкер Media
Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media