Котур-Каманда 21,7 млн сомдук спорт залдын курулушу аяктап калды
Манас шаарына караштуу Т. Тайгараев аймактык башкармалыгынын Котур-Каман айылында заманбап спорт залдын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоорго жергиликтүү казынадан 21 млн 792 миң сом бөлүнгөн. Учурда имаратта акыркы курулуш иштери жүрүп, керектүү жабдуулар менен камсыздалып жатат.
Белгиленгендей, жаңы спорттук зал сентябрда пайдаланууга берилет. Объект айыл тургундарына ден соолугун чыңдоого жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө шарт түзөт.