Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин чекене баасын туруктуу кармоо үчүн мунай ташуучу компанияларга 956 млн 139 миң сом мамлекеттик субсидия бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси талкууланган жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, субсидия күйүүчү-майлоочу материалдардын иш жүзүндөгү наркы менен чекене баасынын ортосундагы айырманы компенсациялоого багытталган. Мунай заттарынын түрүнө жараша бул айырма бир литрине болжол менен 20 сомдон 40 сомго чейин жетет.

Адылбек Касымалиев күйүүчү майдын баасы калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизбеши керектигин белгилеп, баалардын айырмасын субсидиялоо иши мындан ары да улантыларын билдирди.

Ошондой эле мамлекеттик субсидия өз убагында бөлүнүп жаткандыктан, компаниялардын аймактардагы май куюучу жайлары толук иштеп, күйүүчү май сатууда чектөөлөр болбошу керектиги айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо, рыноктогу абалга мониторингди күчөтүү, импорт боюнча жаңы келишимдерди түзүү жана жаңы механизмдерди кароо боюнча тиешелүү органдарга тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, чек арадагы логистикалык маселелерди чечүү жана мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо иштерин өз мөөнөтүндө аяктоо тапшырылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын кирешеси 2,3 эсеге көбөйдү

Кара-Көл шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешеси акыркы беш жылда 2,3 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, Кара-Көл шаарынын жергиликтүү кирешеси 2021-жылы 112 млн сомду түзсө, 2025-жылы 262 млн сомго жеткен.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Камбоджа креативдүү экономика жаатында кызматташууну талкуулады

Жакартада өтүп жаткан Креативдүү экономика боюнча V дүйнөлүк конференциянын (WCCE 2026) алкагында Кыргызстан менен Камбоджанын эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, кыргыз тараптан экономика министринин орун басары Беназир Нурланова, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев жана Креативдүү индустриялар паркынын төрагасы Данияр Аманалиев катышты. Камбоджадан - Маданият

Ишкер Media
Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 2021–2026-жылдары жалпысынан 50 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалымдалгандай, алардын катарында 7 мектеп, 5 бала бакча, 2 маданият үйү, 2 клуб, 2 спорт комплекси, 1 стадион жана 14 мини-футбол аянтчасы бар. Ошондой

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында көмүр казып алуу жана кайра иштетүүчү жаңы ишкананы 2026-жылдын аягына чейин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду "Таш-Көмүр" коомдук фонду ишке ашырууда. Мамлекет башчысы Таш-Көмүр шаары Жалал-Абад

Ишкер Media