Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

Кашка-Сууда 127,9 млн долларлык тоо-туристтик кластер курулат

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте "Baytik Mountain Resort" жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, документ Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун ачык акционердик коому, "Valmont Group" ЖЧКсы жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ортосунда түзүлдү.

Долбоор Чүй облусунун Кашка-Суу айылында заманбап, жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерди түзүүнү карайт. Аймакка тоо лыжа трассалары, асма жолдор, жасалма кар жаадыруу тутумдары, жайкы эс алуу жайлары, мейманкана, ресторан, SPA-комплекстери, MICE-борборлор курулат.

Долбоордун жалпы наркы 127,9 млн долларды түзөт. Каржылоо China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) стратегиялык өнөктөшүнүн EPC+F модели боюнча каржылоосу, "Элдик Банктын" насыялык каражаттары, жеке өнөктөштүн өздүк каражаттары жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, долбоордун курулуш этабында кеминде 1 500 жумуш ордун, ал эми объект пайдаланууга берилгенден кийин 800дөн кем эмес туруктуу жумуш ордун түзүү көздөлүүдө. Алардын 80%ы Кыргызстандын жарандарына берилүүгө тийиш.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында Smart Resort санариптик башкаруу тутумун, энергияны үнөмдөөчү чечимдерди, кайра жаралуучу энергия булактарын жана заманбап экологиялык технологияларды киргизүү каралган.

Жеке өнөктөш долбоорду каржылоо, куруу, жабдуу, пайдаланууга берүү жана андан ары техникалык тейлөө боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. Инфраструктуранын биринчи кезегин 4–5 жыл аралыгында пайдаланууга берүү пландалууда.

"Baytik Mountain Resort" долбоору жыл бою иштей турган туристтик тармактын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга багытталганы белгиленди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Бүгүн Ереванда президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 документке кол коюлду. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Сапардын алкагында төмөнкү документтер кабыл

Ишкер Media
“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы

Ишкер Media
18-октябрда Бишкекте  төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

18-октябрда Бишкекте төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” белгилүү ырчы Шакиранын концерттик программасы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө. Ушуга  байланыштуу жүргүнчүлөргө сапарларын алдын ала пландаштырууда каттамдардын

Ишкер Media
Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media