Ноокаттагы жаңы завод жылына 100 миң тонна жер семирткич өндүрөт

Ноокаттагы жаңы завод жылына 100 миң тонна жер семирткич өндүрөт

Ноокат районунун Т. Кулатов айылында курулган "Кыргыз жер семирткич" ишканасы расмий ишке кирди. Ачылыш аземине президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев катышып, ишкананын иши менен таанышты.

Аймактык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, заводдун биринчи этабында жылына 100 миң тонна жер семирткич өндүрүлөт. 2028-жылга чейин өндүрүш кубаттуулугун 1 миллион тоннага жеткирүү жана 2 миң жумуш ордун түзүү көздөлүүдө.

Маалыматка ылайык, ишканада аммофос жана NPK аралаш жер семирткичтери өндүрүлөт. Долбоор кытайлык инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылып, 15 миллион долларлык заманбап жабдуулар орнотулууда.

Белгиленгендей, алгачкы өндүрүмдөн Бишкек жана Ош шаарларынын дыйкандарына 200 тонна жер семирткич акысыз таратылды. Ишкана аркылуу өлкөнүн ички муктаждыгын камсыздап, ошондой эле экспортко чыгаруу мерчемделген.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media
“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

16-октябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү - 2026” иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташууну бекемдейт

Президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында КРнын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Армениянын билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасяндын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда билим берүүнү санариптештирүү, педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле

Ишкер Media
Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Жол кырсыгынан улам, Бишкектин транспорт департаменинин директору кызматтан кетти

Кече, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Улан Бейшенбаев аталган кызматты 2024-жылдын 17-январынан бери аркалап келе жаткан. Азырынча бул кызматка ким дайындалаары тууралуу маалымат берилген жок. Буга чейин муниципалдык коомдук транспорттун катышуусундагы

Ишкер Media