Араван жана Ноокат органикалык продукция өндүрүүчү аймак катары өнүктүрүлөт

Араван жана Ноокат органикалык продукция өндүрүүчү аймак катары өнүктүрүлөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ош облусунун Араван жана Ноокат райондоруна жумушчу сапар менен барып, бир катар айыл чарба жана кайра иштетүү ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сактоо жана экспорттоо маселелери талкууланды.

Атап айтканда, "Ноокат Алмасы" кооперативинде интенсивдүү алма жана алча бактары, тамчылатып сугаруу системасы жана фермерлерди окутуучу борбор көрсөтүлдү. "Баглан" чарбасында тоолуу аймактарда бак өстүрүү жана органикалык стандарттарга өтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Ошондой эле "Азиз Ата" ишканасында 600 тоннага чейин продукция сактоого ылайыкталган логистикалык борбордун иши менен таанышып, мөмө-жемиштерди, анын ичинде Түркияга экспорттоо маселелери талкууланды. "Сонун Курут" ишканасында азык-түлүк үчүн пластикалык таңгактарды өндүрүү процесси көрсөтүлдү.

Сапардын жыйынтыгында Араван жана Ноокат райондорунда органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экени белгиленди. Негизги максат — продукцияны өндүрүүдөн тартып сертификациялоо, кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо жана экспорттоого чейинки бирдиктүү чынжырды түзүү.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media