Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды.

Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү долбоорлорду каржылоо боюнча бир катар сунуштарды жана алдын ала ыкмаларды сунуштады.

Руслан Суйналиев сунушталган механизмдер менен каржылоо шарттары кеңири жана дыкат иштеп чыгууну талап кыларын белгиледи. Анын айтымында, сунуштар Финансы министрлиги тарабынан белгиленген тартипте каралат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын багыттарын мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media