Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот.

Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат.

Бул үчүн банктын мобилдик тиркемесиндеги "Салыктар" же "Салыктык кызматтар" бөлүмүнө кирип, керектүү кызматты тандоо зарыл.

Жаңы мүмкүнчүлүк салыктык кызматтарды жарандар үчүн жеткиликтүү, тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кочкор-Атада мунай заводу курулууда

Кочкор-Атада мунай заводу курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө мунайды кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана ата мекендик өндүрүштү көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Кыргызнефтегаз" ААКсынын курамына кирген "Кыргыз Петролеум Компани" заводунда мунай продуктуларын өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган

Ишкер Media
Майлуу-Суу лампа заводунун ишин калыбына келтирүү чаралары уланууда

Майлуу-Суу лампа заводунун ишин калыбына келтирүү чаралары уланууда

Өлкө лидери Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарынын активи жана тургундары менен жолугушуп, шаардын өнөр жай дараметин калыбына келтирүү жана жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү маселелерине токтолду. Бул тууралуу анын администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы Майлуу-Суу лампа заводунун ишин калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу

Ишкер Media
Салык төлөөчүлөрдү каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүү сунушталды

Салык төлөөчүлөрдү каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүү сунушталды

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүүгө чакырды. Текшерүү юридикалык жактар, жеке жактар жана жеке ишкерлер тарабынан Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги “Сервистер” бөлүмүндөгү № 24 жана № 25 формаларында жүргүзүлүшү керек. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, төмөнкү маалыматтарды текшерүү зарыл: ·       салыктык каттоо жүргүзүлгөн райондун иш жүзүндө иш

Ишкер Media
Ноокен районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге жакын өстү

Ноокен районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге жакын өстү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жергиликтүү бюджеттин өсүшү жана инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланды. Мамлекет башчысынын маалыматына ылайык, Ноокен районунун бюджети 2021-жылы 299 млн сомду

Ишкер Media