Чувашиядан Кыргызстанга асыл тукум мал алып келүү маселеси талкууланды

Чувашиядан Кыргызстанга асыл тукум мал алып келүү маселеси талкууланды

Бүгүн Айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Чуваш Республикасынын айыл чарба министри Андрей Макушев менен видеоконференция өткөрдү.

Жолугушууда Чувашиядан Кыргызстанга голштино-фриз породасындагы асыл тукум кунаажындарды жана бордоого арналган букаларды экспорттоо маселеси талкууланды. Тараптар ветеринардык талаптарды, логистиканы жана экспорттук көлөмдөрдү макулдашуу маселелерин карашты.

Ошондой эле Чувашиянын аймагында карантиндик-экспорттук аянтча куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргыз улуттук агрардык университети менен "Зоотехния", "Ветеринария" жана "Агрономия" багыттары боюнча кош дипломдук программаларды ишке ашыруу, студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк жана стажировка уюштуруу маселелери каралды.

Жыйынтыгында тараптар мал чарбачылыгы, ветеринария жана айыл чарба багытындагы билим берүү тармагында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 21-октябрындагы №219 буйругу менен 2026-жылдын 22-октябрынан тартып 90 күнгө республиканын аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин билдирди. Билдирүүгө караганда, мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү рыноктогу кырдаалга жараша узартылышы мүмкүн. Министрликтин буйругун аткаруу максатында Монополияга

Ишкер Media
Чүйдө майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай пайдаланууга берилди

Чүйдө майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай пайдаланууга берилди

Чүйдө "Манас" социалдык айылында майыптыгы бар адамдар үчүн төртүнчү турак жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева, Чүй облусунун губернаторунун орун басары Гүлмира Кыштобаева жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышты. Аталган

Ишкер Media
Төлөм жүргүзүү үчүн жылмайыңыз: BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди

Төлөм жүргүзүү үчүн жылмайыңыз: BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди

BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди. Бул жаңы ыкма менен сатып алган товарыңыздын акысын POS-терминалдын камерасына карап эле төлөй аласыз. Банк картасын же смартфонду алып чыгуунун, QR-кодду сканерлөөнүн кереги жок. Кардардын өздүгү тастыкталгандан кийин төлөм бир нече секундда жүргүзүлөт. "Жылмаюу менен төлөө" кызматынын

Ишкер Media
Өлкөдөгү 25 мектепке Starlink интернети акысыз берилди

Өлкөдөгү 25 мектепке Starlink интернети акысыз берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 25 мектепке Starlink терминалдарын тапшыруу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, жабдуулар компания тарабынан акысыз берилип, мектептерди жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернет менен камсыздайт. Демилге алыскы айылдардагы билим берүү, медициналык жана социалдык объектилерди заманбап

Ишкер Media