Бишкектин ишканаларында электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Бишкектин ишканаларында электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча текшерүү жүргүзүлдү

2023-жылдын 27-ноябрында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев коммерциялык объектилерди электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча текшерди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Такталгандай, текшерүү учурунда Бишкек шаары боюнча бир нече кафе-ресторандарда мекеменин ичинде да, сыртында да жарык берүүчү лампалар күйүп турган. Кийинки мекемеде ээлери имаратты жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ колдонушат, электр казандары пломбаланган бирок, кардарлар жок болсо да бардык жайларда кондиционер, лампалар жана люстралар күйгүзүлгөн экен.

Бардык мекеме ээлери менен электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу жана максималдуу жүктөм болгон сааттарда керектөө режимин сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Күн сайын энергетиктер электр энергиясын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бирок, кээ бир керектөөчүлөрдүн жоопкерчиликсиз жана шалаакы мамилесин көрсөткөн сунуштарды баары эле аткара бербейт. Эртең менен жана кечинде максималдуу жүктөм болгон сааттарда керектөө режимди сактабай, энергияны көп талап кылган электр жабдууларын колдонгон болсо, анда ушундай керектөөчүлөргө катуу чаралар колдонулат. Жаратылыш ресурстарын сактоого ар бирибиз өз салымыбызды кошуп, акыл-эстүү керектөөчү болушубуз керек", - деп белгиледи Байгазиев.

Бишкек электр тармактар ишканасы абоненттерди электр энергиясын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланууга, электр энергиясын үйлөрдү, жайларды жылытуу максатында колдонбоого жана мүмкүн болушунча жылуулук менен жабдуунун альтернативдүү булактарына өтүүгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media