Энергетика министри Бишкектин ЖЭБдин ишин текшерди

Энергетика министри Бишкектин ЖЭБдин ишин текшерди

2023-жылдын 12-декабрында энергетика министри Таалайбек Ибраев жумушчу иш сапары менен Бишкек жылуулук электр борборуна барып, учурдагы аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу борбор калаадагы ЖЭБдин аткарып жаткан ишин жеринде текшерди. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Андан кийин, министр Таалайбек Ибраев «Электр станциялары» ААКтын биринчи орун басары жана Бишкек ЖЭБинин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө калкка үзгүлтүксүз жарык жана жылуулук берүү, энергетиктер кышкысын штатык режимде иш алып баруусу керектигине жана авариялык учурга жол бербөө үчүн, алдын ала кам көрүүгө токтолду.

«Бишкек шаарынын ЖЭБи борбор калаанын тургундарын жылуулук жана электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылышы керек. Бул үчүн жетекчилер жеке жоопкерчилик тартышат. Биздин милдет калкты кыштан үшүтпөй алып чыгуу. Ошондуктан энергетиктер кышкысын штаттык режимже иш алып барууну уланткыла. Авариялллык абалга жол бербөө үчүн, резервке жабдуулар максималдуу даяр болсун» - деди министр Таалайбек Ибраев.

 Ал эми, Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Улан Сапаров министрге Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилиндеги иштөөсүнүн учурдагы абалы тууралуу маалымат берип, аны туруктуу деп сыпаттады.

Жыйындын алкагында министр Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчилерине бригадалык кызматтарды күчөтүү, цехтердин жетекчилеринин жана начальниктеринин нөөмөт тартибин уюштуруу, кыдыруу жана жабдууларды текшерүүнүн интенсивдүүлүгүн жогорулатуу, алдын алуу боюнча бардык чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди, негизги жана көмөкчү жабдууларды авариялык өчүрүү жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо үчүн тиешелүү жүктү көтөрүү.

Мындан тышкары энергетика министри насостук станциянын иши менен таанышып, станциянын нормалдуу иштеши жана жалпысынан 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча комплекстүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"