Жалал-Абадда Кара-Көл ГЭСи расмий ачылды
Бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймагында курулган Кара-Көл ГЭСи расмий ачылды.
Жалпы кубаттуулугу 18 МВт болгон эки гидроэлектростанциянын жылдык орточо өндүрүүсү 104 млн кВт/саатты түзөт. Адистердин айтымында бул өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын болжол менен 2,5%га азайтууга жана мүмкүндүк берет.
Долбоор ата мекендик “Жагалмай” ЖЧКсы тарабынан 25 млн долларга ишке ашырылганжана ГЭС 15 жылдык пайдалануудан кийин мамлекетке өткөрүлүп берилет.

Президенттин айтымында, 2023-жылы Энергетика министрлиги инвестициялык макулдашууну сунуштап, аны Министрлер Кабинети жактырып, бекитип берген. Ошол эле жылдын сентябрь айында аталган ГЭСтин курулушу башталган. План боюнча Кара-Көл ГЭСи 2026-жылдын биринчи кварталында курулуп бүтмөк, бирок, иштин ылдамдашы менен ал мөөнөтүнөн эрте бүткөн.