Энергетика министри: электр энергиясы өчпөйт, чектөө убактылуу

Энергетика министри: электр энергиясы өчпөйт, чектөө убактылуу

"Өлкөдө электр энергиясы өчүрүлгөн жок, болгону кубаттуулук азайтылууда",- деп билдирди энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйында.

Анын айтымында, эртең менен саат 07:00дөн 09:00гө чейин жана кечкисин 18:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясын керектөө өтө жогору. Бул убакта калкка берилчү 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин азайтылууда.

"Электр энергиясы көп керектелген учурда биз келишимдеги 5 кВт кубаттуулукту камсыз кыла албай жатабыз. Бул чектөө менен телевизор, муздаткыч, лампочка, жылыткыч жана суу ысыткычты иштетүүгө мүмкүнчүлүк калат. Энергия өчүрүлгөн жок, болгону кубаттуулук азайтылууда", — деди Таалайбек Ибраев.

Министрдин айтымында, бул чектөө электр энергиясынын тартыштыгы жана орточо баасынын жогору болушуна байланыштуу киргизилди. Тартыштыкты жабуу үчүн кВт/саат баасы болжол менен 2 сом 50 тыйынга жетиши керек, учурда тариф 1 сом 37 тыйын.

Мындан тышкары окуңуз

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик