Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде реконструкция аяктап, сыноо иштери башталды

Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде реконструкция аяктап, сыноо иштери башталды

Энергетика министри Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтериндеги реконструкцияны текшерди.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагыда Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтериндеги гидроагрегаттардын реконструкциясы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты толук калыбына келтирилип, учурда сыноо иштеринин этаптары жүрүп жатат. Реконструкциянын негизги максаты — станциянын иштөө мөөнөтүн узартуу, кубатын 1200 МВттан 1440 МВтка жеткирүү жана заманбап автоматташтырылган башкаруу системасын орнотуу.

Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегаты да модернизацияланып, кубаттуулукка дагы 9 МВт кошулду. 2026-жылы калган эки гидроагрегат реконструкцияланып, жалпы кубаттуулук 36 МВтка көбөйтүлөт.

Министр ошондой эле жакында ишке берилген 18 МВт кубаттуулуктагы Кара-Көл ГЭСинин учурдагы абалы менен таанышып, станциянын штаттык режимде иштеп жатканын көрдү.

Мындан тышкары окуңуз

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик