Кечээ Кочкор районунда темирбетон мамыларын чыгара турган ишкана ачылды

Кечээ Кочкор районунда темирбетон мамыларын чыгара турган ишкана ачылды

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Чолпон айылындагы темирбетон курулуш материалдарын чыгаруучу цехтин ачылышы болду. 

Министрликтин маалымат-кызматынын билдиришинче цехтин жалпы аянты 844,5 чарчы метр жана ишкананын сметалык баасы 42 млн 793 миң сом болгон. 
Цехте жылыга 5,5 миң тонна СВ-95, СВ-105 жана СВ-110  үлгүлөрүндөгү темирбетон мамыларды чыгарууну пландап жатат.

Чыгарылган материалдар Кочкор районунун энергетикалык инфраструктурасын жаңылоого колдонулат. 

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Дөбө айылында 225 орундуу жаңы мектеп ачылды

Кара-Дөбө айылында 225 орундуу жаңы мектеп ачылды

Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында 75 млн сомго жаңы мектеп курулганын Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди.  Аталган долбоор республикалык бюджеттен финансыланган.   Мектептин жалпы аянты 1546 чарчы метр. Анын ичинде 225 орундуу окуу корпусу, спорттук зал жана өтө галерея бар.  Курулуш иштерин “Сапат Стандарт” ЖЧКсы жүргүзгөн. Эски мектеп бул айылда 1964-жылы курулган.

“Кыргызнефтьгазы” ААКсы 9-декабрда инвестициялык форум өткөрөт

“Кыргызнефтьгазы” ААКсы 9-декабрда инвестициялык форум өткөрөт

“Кыргызнефтьгазы” ААКсы 2025-жылы 9-декабрда Бишкектеги Hyatt Regency  отелинде өтө турган инвестициялык форумга тиешелүү мекеме өкүлдөрүн чакырарын маалымдады.  Инвестициялык форум мамлекеттик мекемелердин, бизнес-коомчулуктун жана чет өлкөлүк инвесторлордун өкүлдөрүн ишкана менен кызматташуунун келечектүү долбоорлору жана мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу үчүн чогултат.  Форумдун программасы төмөнкү багыттар боюнча “Кыргызнефтьгазы” ААКсына инвестиция салуунун перспективалары жөнүндө презент

Эки жылда чет өлкөлүк мекендештерге 350дөн ашык "Мекен-карт" берилген

Эки жылда чет өлкөлүк мекендештерге 350дөн ашык "Мекен-карт" берилген

Эки жылда чет өлкөлүк мекендештерге 350дөн ашык "Мекен-карт" берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, 2023-жылдын 13-мартынан тарта Кыргызстанда чет өлкөлүк мекендештер "Мекен-карт" системасы аркылуу статус ала баштаган. Бул автоматташтырылган система КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы

Баткен элине арзан көмүр жеткириле баштады

Баткен элине арзан көмүр жеткириле баштады

Баткен шаарынын жана Баткен районунун калкына арзан көмүр жеткирилгенин Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.   Маалыматта ушул тапта Баткен шаарынын көмүр сатуучу түйүндөрүнө жана Баткен районунун айыл аймактарына, Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринен көмүр жеткирилип бир килограммы 7,50 тыйындан сатылып жатканы айтылат.  Белгилей кетсек, буга чейин облус башчысы