Энергетика министри көмүр кендеринин ишин текшерди

Энергетика министри көмүр кендеринин ишин текшерди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Кыргызкөмүр" ААКка караштуу Кара-Кече жана Ак-Улак көмүр кендеринин ишмердүүлүгүн жеринде текшерди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Министрдин башкы максаты — социалдык тармактарда тараган “Көмүр жетишсиз” деген маалыматтарды тактоо болгон.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын башынан бери Кара-Кече кесиминен 978 584 тонна көмүр даярдалып, калкка жана Бишкек ЖЭБине жеткирилди. Учурда 255 техника иштеп жатат. Республиканын аймагында 132 отун кампасы ачылып, көмүрдүн баасы 3 290 сомдон 6 800 сомго чейин сатылууда. Эки көмүр иргөөчү станок иштеп жатат.

Ак-Улак көмүр кенинде казылган көмүрдүн 30%ы ЖЭБге жеткирилүүдө, калган бөлүгү калкка жана социалдык объектилерге берилүүдө. Иргөөчү жаңы станок орнотулууда, ишке кирген соң майда көмүр ЖЭБге, кесек көмүр калкка жеткирилет.

Министр көмүр ташуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, айдоочуларды күнү-түнү кезек менен иштетүүнү жана калкты арзан көмүр менен камсыз кылууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы