Майлуу-Суу шаарында 6 850 акылдуу эсептегич орнотулду

Майлуу-Суу шаарында 6 850 акылдуу эсептегич орнотулду

Майлуу-Суу РЭТинде күз-кыш мезгилине даярдык жана модернизациялоо иштери толугу менен аяктады.

Энергетика министрлиги билдиргендей, шаар боюнча 8 035 керектөөчү катталган болсо, алардын ичинен 6 850 турмуш-тиричилик абоненттери акылдуу эсептегичтер менен камсыз болду. Жаңы система эсептөөнү толук онлайн режимде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет, мындан ары тургундар электр энергиясын үйүнө кирбей эле төлөй алышат.

Мындан тышкары, электр тармагында төмөнкү оңдоо жана капиталдык жаңылоо иштери аткарылды:

50 трансформатор жана 170,5 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү;
10 трансформатор жана 6,7 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өттү;
44 эски жыгач мамыча жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылды;
126,96 чакырым трасса боюнча бутактарды кыюу жана бактарды тазалоо иштери аткарылып, коопсуздук камсыздалды;
1 жаңы КТП орнотулуп, 0,6 чакырым жаңы аба чубалгысы курулду.

Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна кайрылсаңыздар болот: 105, 1209, +996 772 001209, +996 702 001209, +996 556 001209 (WhatsApp).

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы