Бишкекте жаңы №3 насостук станция ачылды
Бишкек шаарында борбордук жана батыш аймактарды жылуулук менен камсыздоону күчөтүү максатында жаңы №3 насостук станция ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Энергетика министри Таалайбек Ибраев, шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Үсөналиев жана башка жооптуу кызматкерлер катышты.
Мэр Айбек Джунушалиев жаңы насостук станциянын Бишкектин жылытуу тармагын модернизациялоодо маанилүү кадам экенин белгилеп, шаардын борбордук жана батыш бөлүктөрү туруктуу жана ишенимдүү жылуулук менен камсыз болорун кошумчалады.
Жаңы станциянын курулушу 2024-жылы башталып, 0,85 гектар жерди ээлейт. Долбоорду "Кыргызгипрострой" ААК долбоорлоду, ал эми курулуш-монтаж иштерин CRBC консорциуму жана "Технотоп" ЖЧКсы аткарды. Станциянын имаратында сегиз 2500 м³/саат кубаттуулуктагы заманбап насос, эки трансформатордук көмөкчордон, автоматташтыруу жана башкаруу жабдуулары орнотулган.
Ошондой эле Аламүдүн дарыясынын батыш жээги бекемделип, узундугу 120 метр болгон өтмөк канал курулду, диаметри 1000 мм төрт түтүк төшөлдү, жол реконструкцияланып, асфальт, тротуар жана дренаж системасы орнотулду.
Бул станция борбор калаанын жылытуу тармагын жакшыртууга, абоненттерге жана социалдык объектилерге жылуулукту үзгүлтүксүз жеткирүүгө багытталган маанилүү долбоор катары кызмат кылат.