Ошто эки көмөк чордондо 16 МВАлык жаңы трансформаторлор орнотулду

Ошто эки көмөк чордондо 16 МВАлык жаңы трансформаторлор орнотулду

Энергетика министрлигинин 2025–2026-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдык боюнча тапшырмасынын негизинде “КУЭТ” ААКнын Ош электр тармактары 35/10 кВ “Речная” жана “Ош-7” көмөк чордондорундагы 10 МВА трансформаторлорду 16 МВА кубаттуулуктагы жаңы жабдууларга алмаштырды.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул иш-аракеттер каскаддык метод менен жүргүзүлүп, шаарды туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоону күчөтүүгө багытталды.

Энергетиктердин айтымында, акыркы жылдары Ош шаарында калктын саны, жаңы турак жайлар жана өндүрүш объектилери көбөйүп, электр керектөөсү бир топ өскөн. 2024-жылдын 10 айында шаар 803 061 миң кВт/с энергия пайдаланса, 2025-жылдын ушул мезгилинде керектөө 897 928 миң кВт/с түздү — өткөн жылга салыштырмалуу 95 млн кВт/с көп.

Каскаддык алмаштыруу тартиби төмөнкүдөй жүрдү:

  • “Ош-7”деги 10 МВА трансформатор → “Ош-5” көмөк чордонуна орнотулду.
  • “Ош-5”тен чыккан 6 МВА трансформатор → “Ош-3000”ге өткөрүлдү.
  • “Речная”дан алынган 10 МВА → “Западная”дагы 6,3 МВАнын ордуна.
  • “Западная”дан чыккан 6,3 МВА → “Мырза-Аке”ге.
  • “Мырза-Аке”деги 2,5 МВА → “Заргер”ге.
  • “Заргер”ден алынган трансформатор ишкананын кампасына жиберилет.

Жаңы трансформаторлор жүктөмдү туура бөлүштүрүп, Ош шаары менен облусунун электр тармактарында кубаттуулукту жогорулатат.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта