Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан суу-энергетикалык кызматташуу боюнча макулдашты

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан суу-энергетикалык кызматташуу боюнча макулдашты

Алматы шаарында Казакстан Республикасынын энергетика министри Ерлан Аккенженовдун төрагалыгы алдында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын суу-энергетикалык ведомстволорунун жетекчилеринин жыйыны өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов, Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов, Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев жана Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмаз Жээналиев катышты.

Тараптар суу-энергетикалык кызматташуунун мындан аркы параметрлерин макулдашты. Токтогул суу сактагычындагы азыркы кыйын абалды эске алуу менен, өлкөлөр бири-бирин өз ара электр энергиясы менен колдоого жана келерки жылы вегетация мезгилине даярдыкты биргеликте координациялоону макулдашты.

Казакстан менен Өзбекстан күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга электр энергиясын берүү даярдыгын тастыкташты. Бул Кыргызстанга кышында суунун сарпталышын азайтып, Токтогул суу сактагычында көбүрөөк көлөмдө суу топтоого шарт түзөт. Топтолгон суу 2026-жылдагы вегетация учурунда Казакстан менен Өзбекстанга берилип, алардын түштүк аймактарындагы сугаруу иштерин туруктуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондой эле региондо энергия керектөөнү азайтуу жана энергияны үнөмдөө боюнча биргелешкен чаралар кабыл алынды. Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боордоштук мамилеге негизделгенин жана Борбор Азиянын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталганын баса белгилешти. Өзбекстан электр энергиясынын транзити жана системаны тең салмактоо үчүн техникалык шарттарды камсыздоого даяр экенин билдирди.

Жыйынтыгында 2026-жылдагы кышкы электр энергиясын жеткирүү жана вегетация мезгили үчүн суу топтоо боюнча милдеттемелерди бекиткен үч тараптуу протоколга кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей