Нарын облусунда электр эсептөө системасын санариптештирүү уланууда
Нарын облусунда электр тармагын санариптештирүү жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында автоматташтырылган эсепке алуу системасын (АСКУЭ) орнотуу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
2025-жылга карата 32 753 абонентке АСКУЭ орнотуу пландалган болсо, учурда 30 643ү (94%) ийгиликтүү орнотулду. Иш-аракеттер ноябрь айынын аягына чейин толук бүткөрүлөт.
Райондор боюнча абоненттердин саны:
- Ак-Талаа: 6 488 пландалган, 6 298 орнотулду
- Ат-Башы: 10 113 пландалган, 8 936 орнотулду
- Жумгал: 8 058 пландалган, 7 753 орнотулду
- Нарын: 3 289 пландалган, 3 171 орнотулду
- Тогуз-Торо: 4 805 пландалган, 4 485 орнотулду
АСКУЭ орнотуу Нарын облусунда электр энергиясынын сапатын, тактыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү кадам болуп, керектөөчүлөргө ыңгайлуулукту камсыздайт.


