Ысык-Көлдө электр тармактары толук модернизацияланды

Ысык-Көлдө электр тармактары толук  модернизацияланды

2025-жылы "КУЭТ" ААКтын Ысык-Көл электр тармактар ишканасы облустагы эскирген электр жабдууларын жаңыртып, модернизациялоо иштерин аяктады. Жумуштар аймактагы электр зымдарын жана мамыларды жаңылоого, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатууга, кардарларга сапаттуу жана туруктуу электр энергиясын камсыздоого багытталды.

Иш-чаранын алкагында 90 чакырым эски алюминий зым СИП зымдарына алмаштырылып, 1300дөн ашык жыгач мамылар темир-бетон мамылар менен алмаштырылды. Айрым айыл-кыштактарга 18 жаңы 10/0,4 кВ көмөк чордон орнотулду, 23 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылды, ал эми 7 заманбап реклоузер орнотулду.

Жыргалан өрөөнүндө 35/10 кВ "Үч чоку" жаңы көмөк чордону курулуп, 12.8 чакырым кабелдик зым тартылды. Облус боюнча жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун жалпы кубаттуулугу 56,5 МВАга жетип, электр тармактарынын ишенимдүүлүгү артты.

Модернизация жана реконструкция аймактын энергетикалык инфраструктурасын сапаттуу деңгээлге көтөрүп, калк менен ишканаларга электр энергиясын туруктуу жана коопсуз жеткирүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта