Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштери 80% аяктады
“Чакан ГЭС” ААК бүгүнкү күндө Орто-Токой ГЭСин куруу иштерин 80% аяктады. Орто-Токой ГЭСинде курулуш иштери бекитилген графикке ылайык активдүү уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, деривациялык тоннелдин казуу иштери толугу менен бүткөрүлүп, суу өткөрүүчү тоннелдин каптамасын бетондоо иштери жүрүүдө. Тармакталуучу түйүндөгү камеранын дубалдары жана грунт даярдалып, бекемделүүдө. Үч чыгуусу бар тоннелдик тармакка металл конструкциялар орнотулуп, ширетилди.
Гидроэлектростанциянын имаратында курулуш 90% аяктап, төмөнкү бьефтеги каналдын колонналарын арматуралоо жана бетондоо иштери бүткөрүлдү. Чатырдын каркасы орнотулуп, чатыр жабуу иштери жүрүүдө. №1, 2, 3 гидротурбиналар жана дисктүү затворлор монтаждалды.
Орто-Токой ГЭСинин кубатуулугу 21 МВт, курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында толук аяктаары күтүлүүдө.


