Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи гидроагрегаттын курулуш иштери улантылууда

Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи гидроагрегаттын курулуш иштери улантылууда

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү боюнча долбоорду ишке ашыруу улантылууда. Долбоор улуттук энергосистеманын ишенимдүүлүгүн бекемдөө жана электр энергиясын туруктуу камсыздоо үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда, техникалык коштоо жана инженердик көзөмөлдү Fichtner GmbH & Co. KG компаниясы камсыз кылууда.

Алгачкы курулуш жана монтаждоо иштери аткарылып, кеңсе жана турак жай инфраструктурасы даярдалды, гидроагрегаттардын техникалык текшерүүлөрү жүргүзүлдү.

"Электр станциялар" ААК долбоордун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүп, графикке ылайык иштерди камсыз кылууда. Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жогорулатууга жана электр энергиясын туруктуу камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 5 миң орундуу эл аралык деңгээлдеги стадион курулуп жатат

Таласта 5 миң орундуу эл аралык деңгээлдеги стадион курулуп жатат

Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги Талас шаарында курулуп жаткан 5 миң орундуу жаңы стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жумушчу сапар менен объектке КФСтин вице-президенти Дастанбек Конокбаев, башкы катчы Медербек Сыдыков жана президенттин кеңешчиси Аман Каскеримов барышты. КФСтин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө союз өкүлдөрү курулуштун учурдагы баскычын жеринде көрүп чыгып, аткарылып

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат

Быйыл Бишкек шаарында чыңалуусу 6–10/0,4 кВ болгон 298 трансформатор оңдоодон өтүп, 38 жаңы трансформатор орнотуларын Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул иштер март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Трансформаторлор төмөнкү райондук электр тармактарында жаңыланат: * Чыгыш РЭТ: 113 даана оңдолуп, 25 даана жаңысы орнотулат; * Батыш РЭТ: 100 даана

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөрүн мэриядан билдиришти. Күн мурун мэр Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге шаар четинде жайгашкан, келечекте өндүрүштүк зоналарды түзүүгө ыңгайлуу аймактарга барып, ал жерлердин учурдагы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышты. Мэр жаңы өндүрүш зоналары шаар экономикасын өстүрүп, ишкерлерге шарт түзөрүн жана калкты жумуш

Жибек-Жолундагы көпүрө жарым-жартылай ачылды

Жибек-Жолундагы көпүрө жарым-жартылай ачылды

15-мартта реконструкциядан кийин Бишкек шаарындагы Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрө транспорт кыймылы үчүн жарым-жартылай ачылганын Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди. Азыркы учурда Осмонкулов жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде кыймыл көпүрөнүн бир тарабында эки багытта уюштурулган. ЖКККБнын кызматкерлери айдоочуларды бул жол тилкесинде этият болууга,