Таласта 35 600 акылдуу электр эсептегич орнотулду
Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформанын алкагында "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактары филиалы облустун төрт районунда — Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда электр энергиясын автоматташтырылган эсепке алуу системасын киргизүү иштерин улантууда.
Энергетика министрликтин маалыматына ылайык, учурда пландалган 35 600 даана акылдуу эсептегич толугу менен орнотулду, анын ичинде 1 фазалуу 31 280 даана жана 3 фазалуу 4 320 даана жаңы типтеги эсептегичтер бар. Айтматов районунда 11 032, Талас районунда 11 164, Бакай-Ата районунда 8 268, Манас районунда 5 136 даана эсептегич ийгиликтүү орнотулду.
2026-жылы кошумча 3 390 даана 3 фазалуу акылдуу эсептегичтер орнотулуп баштайт. Жаңы эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, бузулууларды аныктоого жана төлөм процессин жөнөкөйлөтүүгө жардам берет.