Суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Жарыяланган штормдук эскертүүгө жана Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан суук аба ырайынын шарттарына байланыштуу энергетиктер энергетикалык объектилердин ишин күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөгө алышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Авариялык-ремонттук запастар даярдалып, мүмкүн болгон бузулууларды тез арада жоюу схемалары иштелип чыкты.

"Кыргызстан УЭС" ААКтын маалыматына ылайык, оңдоо бригадалары, транспорт жана атайын техника жогорку даярдык абалына келтирилди. Оперативдик абал тынымсыз көзөмөлдөнүп, тиешелүү кызматтар үчүн суткалык кезекчилик графиктери бекитилди.

Абанын төмөн температурасы электр энергиясына болгон керектөөнү көбөйтөт, бул электр тармактык жабдууларга жүктү күчөтүшү мүмкүн. Энергетиктер керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга жана бир нече энергияны көп талап кылган шаймандарды бир учурда күйгүзбөөгө чакырат.

Суроолор болсо “УЭТК” ААКка 105, мобилдик: 0772 001 209, 0556 001 209, WhatsApp: 0702 001 209 аркылуу кайрылсаңыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта