Былтыр өлкө боюнча 279 жаңы трансформатор орнотулган
Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК 2025-жылы 279 даана жаңы трансформатор орнотуп, 366 даана трансформатордун кубаттуулугун жогорулатты. Жалпы 645 трансформаторго жаңылоо иштери жүргүзүлдү.
Ведомстводон билдиришкендей, трансформатор орнотуу иштери бардык региондордо аткарылды:
- Бишкек — 69 даана
- Баткен — 95 даана
- Жалал-Абад — 113 даана
- Ысык-Көл — 61 даана
- Нарын — 77 даана
- Ош — 117 даана
- Талас — 36 даана
- Чүй — 77 даана
Бул модернизациялоо иштеринен кийин электр жабдууларынын кубаты көбөйүп, күз-кыш мезгилинде энергосистема туруктуу иштеп, электр энергиясы менен камсыздоо сапаты жакшыртылат.
"Кыргызстан УЭТ" ААК энергосистеманы заман талабына шайкеш, эффективдүү жана туруктуу калыптандыруу боюнча иш-чараларды улантууда.