Былтыр Таласка 35,6 миң акылдуу эсептегич орнотулуп, 32 трансформатордук пункт ишке берилди
Талас облусунда энергетикалык тармак 2025-жылга койгон планын толугу менен аткарды. Облус боюнча 35 600 даана жаңы акылдуу эсептегич орнотулду, 32 даана трансформатордук пункт ишке берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Аба чубалгыларда реконструкция иштеринде 0,4 кВ линияларда 463, 10 кВ линияларда 200 мамыча жаңыртылып, жаңы СИП-3 зымдары тартылды. Жаңы линия курууда 276 мамыча орнотулду. 167 трансформатор капиталдык оңдоодон, 1 234 даана техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү, 3 300 фарфор изолятор айнек изоляторго алмаштырылды.
110 кВ “Семетей–Победа” аба чубалгысында 47 чакырым узундуктагы зымдар жана жабдуулар толугу менен жаңыртылды, 35 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо 30 жабдык капиталдык оңдоодон, 1 608 жабдык техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
Бул иштер күз-кыш мезгилинде электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга негизги кадам болду.