GPRC, NRP жана KCG компаниялары Кыргызстанда 3 жаңы ЖЭС курууга кызыкдар

GPRC, NRP жана KCG компаниялары Кыргызстанда 3 жаңы ЖЭС курууга кызыкдар

Энергетика министри Таалайбек Ибраев GPRC, NRP жана KCG компанияларынын Консорциумунун жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушуунун алкагында министр өлкөнүн энергетика системасынын акыркы жылдардагы өнүгүүсү жана жүргүзүлүп жаткан долбоорлор тууралуу маалымдады.

Министр Консорциумду Кыргызстандагы көмүр кендерине жылуулук электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялар ар бири 350 МВт кубаттуулугу бар, жалпы 1050 МВт болгон үч ЖЭСти курууну пландап жатышканын билдирди. Алар таза көмүр технологиясын колдонуу аркылуу үзгүлтүксүз жана ишенимдүү энергия өндүрүүгө умтулушарын белгилешти.

Консорциумдун адистери кендерди жана көмүрдүн сапатын — күлдүүлүк, нымдуулук, учуучу заттар, күкүрт жана фосфор курамын, калориялуулукту — иликтеп чыгышы керек. Энергетика министрлиги долбоорду ишке ашырууда зарыл колдоолорду көрсөтөрүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей