Баткен облусунда электр тармактары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Баткен облусунда электр тармактары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Баткен облусунда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Акыркы күндөрү аба ырайынын кескин суукташы электр энергиясына болгон жүктөмдү жогорулаткан. Ошого карабастан, учурда облус боюнча кырдаал туруктуу болуп, электр жарыгы өчүрүлгөн участоктор жок.

Электр тармактарынын ишин камсыз кылуу максатында Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен, Лейлек жана Сүлүктү аймактарында 5 ыкчам топ күнү-түнү иш алып барууда.

Авариялык учурларга ыкчам чара көрүү үчүн 22 чыгуучу бригада, атайын техникалар жана нөөмөттүк автоунаалар даярдалып, керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

Баткен электр тармактар ишканасы аймактагы абал толук көзөмөлдө экенин билдирип, калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"