Энергетика министрлиги 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Энергетика министрлиги 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Кечээ Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Президенттин Администрациясынын өкүлү Улугбек Нургазиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары жана тармактык компаниялардын жетекчилери катышты.

Коллегияда 2025-жылы энергетика тармагында аткарылган иштер жана 2026-жылга коюлган негизги милдеттер талкууланды. Министр Таалайбек Ибраев күз-кыш мезгилинде калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу башкы приоритет экенин белгилеп, бардык пландар графикке ылайык өз убагында аткарылышы керектигин баса белгиледи.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкө боюнча электр энергиясын керектөө 19,3 млрд кВт/саат түзүп, 15,4 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн 3,8 млрд кВт/саат электр энергиясы импорттолгон.

Аталган жылы ири ГЭСтерди модернизациялоонун алкагында кошумча 69 МВт кубаттуулук ишке берилди. Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде гидроагрегаттарды жаңылоо иштери улантылды. Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча ТЭНди актуалдаштыруу иштери жүргүзүлүп, долбоорго эл аралык каржылоо тартуу багытында активдүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Мындан тышкары, 2025-жылы сегиз чакан ГЭС ишке киргизилип, күн электр станцияларынан 100 МВттан ашык кубаттуулук кошулду. Газдаштыруу, көмүр өндүрүү, нефть тармагында да пландар ашыгы менен аткарылганы белгиленди.

Коллегиянын жыйынтыгында 2026-жылга карата энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, жаңы объекттерди өз убагында ишке берүү жана калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу негизги багыттар катары аныкталды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей