Быйыл Жалал-Абадга 65 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл Жалал-Абадга 65 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулат

Өлкөдөгү санариптештирүү саясатынын алкагында Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын натыйжасында 2025-жылы «КУЭТ» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасында пландын негизинде 82 миң акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Атап айтканда, Сузак районунда 34 711, Базар-Коргон районунда 33 650, Майлуу-Суу шаарында 7 165 жана Кара-Көл шаарында 6 501 даана акылдуу эсептегич коюлду.

Ал эми 2026-жылы Жалал-Абад облусунда 65 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Алар Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүнө, ошондой эле Токтогул жана Ноокен райондоруна орнотулат.

Акылдуу эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөдөн тышкары, электр жабдыктарын ашыкча жүктөмдөн жана бузулуулардан коргойт. Ошондой эле электр энергиясын алыстан көзөмөлдөөгө, эсеп-кысап иштеринде адам факторун азайтууга, керектелген электр энергиясы боюнча так жана ыкчам маалымат алууга, мыйзамсыз кошулууларды аныктоого жана керектөөчүлөр үчүн ачык-айкын эсеп жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул иштер электр тармагындагы санариптик өзгөрүүлөрдү ылдамдатып, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатууга жана энергетика тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"