Ноокатта 1 820 абонент жаңы көмөк чордонго туташтырылды

Ноокатта 1 820 абонент жаңы көмөк чордонго туташтырылды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош электр тармактар ишканасы тарабынан Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылында 35/10 кВ “Т. Кулатов” көмөк чордонун жана 35 кВ “Абшыр – Т. Кулатов” аба чубалгысын расмий түрдө ишке киргизди.

Долбоордун алкагында 110/35/10 кВ “Көк-Жар” көмөк чордонунан чыккан узундугу 55 км болгон “Абшыр” фидериндеги жүктөм азайтылып, анын ичинен 1820 абонент жаңы курулган көмөк чордон аркылуу электр энергиясы менен камсыздалды. Натыйжада Абшыр, Кожо-Арык, Кош-Добо жана Баглан айылдарынын тургундары сапаттуу жана туруктуу электр энергиясына жетишти.

Ошондой эле жаңы объекттин ишке кириши менен “Абшыр” жана “Көк-Жар” көмөк чордондорундагы ашыкча жүктөм жоюлуп, техникалык жоготуулар кыскарды. Узундугу 5,6 км болгон 35 кВ аба чубалгысы заманбап СИП өткөргүчтөрү менен курулуп, жалпы электр тармагына кошулду.

Белгилей кетсек, долбоордун пландалган наркы 25 млн сом болсо, иш жүзүндө объекттер кыйла үнөмдүү каражат менен курулду. Бул маселе II Элдик Курултайда жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлүп, бүгүн толугу менен ишке ашты.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"