Баткенде “Суу-Башы” көмөк чордону ишке берилди

Баткенде “Суу-Башы” көмөк чордону ишке берилди

Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарындагы 110/35/10 кВ "Суу-Башы" көмөк чордону расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу /Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ачылыш аземинде министр электр энергиясына болгон суроо-талап жыл сайын өсүп жатканын белгилеп, генерацияны жана кубаттуулукту жогорулатуу бүгүнкү күндүн негизги талабы экенин айтты. Анын айтымында, жаңы көмөк чордондор калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.

Жаңы көмөк чордондун долбоору "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК менен Баткен шаардык мэриясынын биргелешкен аракетинде ишке ашырылып, жалпы 55 млн 758 миң сом каражат жумшалды. Курулуш иштери Баткен электр тармактар ишканасынын өз күчү менен аткарылган.

Көмөк чордондун ишке кириши менен Баткен шаарындагы "Жаңы-Достук" айылы, өнөр жай аймагы, "Баткен Сити" конушу, жаңы стадион, Чет-Булак кварталы, Бужум айылы жана 2 224 турак жай сапаттуу электр энергиясы менен камсыздалат.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Баткен электр тармактар ишканасына 4 даана автоунаа жана 1 экскаватор тапшырылып, бул авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана тейлөө сапатын жогорулатууга багытталганы белгиленди.

Ачылыш аземине министрлик өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик, энергетиктер жана шаар тургундары катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"