Быйыл Чүйдө 4 көмөкчордон курулуп, 80 миңден ашык "акылдуу" эсептегич орнотулат

Быйыл Чүйдө 4 көмөкчордон курулуп, 80 миңден ашык "акылдуу" эсептегич орнотулат

2026-жылы "Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасында бир катар энергетикалык объектилердин курулушу жана электр тармактарын жаңылоо пландалууда. Бул тууралуу Энрегетика министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда, төмөнкү көмөкчордондор курулат:

  • 110/35/10 кВ "Манас" көмөкчордону;
  • 220/35/10 кВ "Чуйская" көмөкчордону;
  • 110/35/10 кВ "Күн-Туу" көмөкчордону;
  • 35/10 кВ "Ленинская" көмөкчордону.

Мындан тышкары, эскирген электр аба чубалгылары заманбап СИП кабелдерине алмаштырылат. Анын алкагында:

  • 15,67 чакырым 10 кВ аба чубалгысы (СИП-3);
  • 103,81 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысы (СИП-2);
  • 0,37 чакырым 10 кВ кабелдик линия;
  • 0,15 чакырым 0,4 кВ кабелдик линия реконструкцияланат.

Ошондой эле Чүй электр тармактар ишканасынын аймагында темир-бетон мамычаларын чыгаруучу цех куруу мерчемделүүдө.

Облус боюнча 2800 даана темир-бетон мамыча алмаштырылып, 5 даана жаңы трансформатор орнотулат. Мындан сырткары 80 миңден ашуун "акылдуу" (АСКУЭ) эсептегич орнотулуп, 785 трансформатордук көмөкчордондо капиталдык оңдоо, 5176 көмөкчордондо техникалык тейлөө жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"