Ылдыйкы Тар ГЭСи курулуп, Быстровка ГЭСи реконструкцияланат

Ылдыйкы Тар ГЭСи курулуп, Быстровка ГЭСи реконструкцияланат

Энергетика министрлиги өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын жоюу жана гидроэнергетикалык потенциалды өнүктүрүү максатында бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын бири — Ылдыйкы Тар ГЭСин куруу жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоону камтыган KRED долбоору. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

2025-жылдын декабрь айында аталган объектилер боюнча техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгуу үчүн QingYuan Engineering Consultants Ltd. компаниясы менен консультациялык кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлган.

Долбоордун алкагында 2026-жылдын январь айында "Чакан ГЭС" ААКнын кызматкерлери жана эл аралык консультанттар Ылдыйкы Тар ГЭСинин курулуш аянтчасына жана Быстровка ГЭСине жеринде барышып, объектилер менен таанышышты. Иш сапардын жүрүшүндө аймактардын табигый, инженердик-геологиялык жана гидрологиялык шарттары, ошондой эле курулуш аянтчаларынын учурдагы абалы изилденди.

Алынган маалыматтар долбоордук чечимдерди тактоо жана курулуш иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн баалоо үчүн колдонулат.

Эске салсак, Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасына Ылдыйкы Тар ГЭСин куруу жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоо үчүн 43,2 млн АКШ доллары өлчөмүндө, 50 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен үстөк пайызсыз кредит бөлүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"