Биринчи шамал электр станциясы тармакка алгачкы мегаваттарды бере баштады

Биринчи шамал электр станциясы тармакка алгачкы мегаваттарды бере баштады

Кыргызстандагы биринчи шамал электр станциясы электр энергиясын тармакка бере баштаганын социалдык тармактар аркылуу Жашыл электр станциялары ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева билдирди.

Анын айтымында, бул — сөздөн ишке өтүүнүн, ошондой эле өлкөдө шамал энергетикасын өнүктүрүүнүн жаңы баскычы болуп саналат.

Өзгөчө маанилүүсү, бул долбоорду кыргызстандык "Мэтрум ТЭК" компаниясы ишке ашырганын Кундус Кырбашева белгилеп өттү.
Эске салсак, 2025-жылы Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 100 мегаваттка эсептелген шамал генератору алгачкы жолу орнотулган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Парламент "Кыргызнефтгазга" 30 млн доллар насыя алууну колдоду

Парламент "Кыргызнефтгазга" 30 млн доллар насыя алууну колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-февралдагы жыйынында "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүүнүн биринчи программасы" боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Бул документке Кыргыз Республикасы менен ОПЕКтин Эл аралык өнүгүү фонду ортосунда 2025-жылдын 22-сентябрында кол коюлган. Буга чейин маалымдалгандай, аталган макулдашуунун алкагында Кыргызстанга бюджеттик колдоо катары

Эсептөө палатасында аудиторлор 3кө кыскарат

Эсептөө палатасында аудиторлор 3кө кыскарат

Жогорку Кеңешке Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча конституциялык мыйзам долбоору келип түштү. Бул документ Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыгып, тышкы аудит органынын көзкарандысыздыгын күчөтүү жана анын ишмердигин INTOSAI эл аралык уюмунун стандарттарына ылайыкташтыруу максатында даярдалган. Мыйзам долбоору Эсептөө палатанын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү сунуштайт. Мурда ведомство мамлекеттик мүлк менен

Быйыл Камбар-Ата ГЭС-2де 2-гидроагрегат ишке берилип, Үч-Коргон ГЭСи реконструкцияланат

Быйыл Камбар-Ата ГЭС-2де 2-гидроагрегат ишке берилип, Үч-Коргон ГЭСи реконструкцияланат

"Электр станциялар" ААКы быйыл маанилүү энергетикалык объектилерде пландалган иштерди баштоого даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаз айларында Камбар-Ата ГЭС-2де экинчи гидроагрегатты эксплуатацияга берүү пландалууда. Ошондой эле Үч-Коргон ГЭСинде эки гидроагрегатты реконструкциялоо иштери башталат. Анын ичинде №2 гидроагрегат боюнча иштер февраль айында, ал эми №1

Экономика министри Б5+1 бизнес-форумунун 3 негизги маанисин айтты

Экономика министри Б5+1 бизнес-форумунун 3 негизги маанисин айтты

Бишкек шаарында болуп жаткан Б5+1 форматындагы эки күндүк бизнес-форумдун алкагында АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серхио Гордун, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин делегация башчыларынын катышуусунда басма сөз жыйыны уюштурулду. Экономика жана коммерция министри Бакыт Садыков Б5+1 форматы аймактык өз ара аракеттенүүнүн сапаттык жаңы баскычын чагылдырып,