Быйыл Камбар-Ата ГЭС-2де 2-гидроагрегат ишке берилип, Үч-Коргон ГЭСи реконструкцияланат
"Электр станциялар" ААКы быйыл маанилүү энергетикалык объектилерде пландалган иштерди баштоого даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаз айларында Камбар-Ата ГЭС-2де экинчи гидроагрегатты эксплуатацияга берүү пландалууда. Ошондой эле Үч-Коргон ГЭСинде эки гидроагрегатты реконструкциялоо иштери башталат. Анын ичинде №2 гидроагрегат боюнча иштер февраль айында, ал эми №1 гидроагрегат боюнча иштер 1-марттан тарта жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, Камбар-Ата ГЭС-1де курулуш жана инфраструктуралык иштер улантылып, административдик-тиричилик комплексинде жана жатаканада ички жасалгалоо, инженердик-коммуникациялык иштер аткарылууда.
Ал эми Күрп-Сай ГЭСинде кубаттуулукту жогорулатуу максатында эки автотрансформаторду алмаштыруу иштери башталды. Монтаждоо иштери 2026-жылдын апрелинен тартып күз айларына чейин уланат.
Ошондой эле "Электр станциялар" ААКы үчүн жаңы административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди. 2026-жылы компаниянын филиалдарындагы административдик имараттарды этап-этабы менен оңдоо пландалууда.
Аталган иштер өлкөнүн энергетикалык системасын туруктуу өнүктүрүүгө жана электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга багытталган.