Нарын облусунда 27 трансформатор жаңыланып, электр тармагы күчөтүлөт

Нарын облусунда 27 трансформатор жаңыланып, электр тармагы күчөтүлөт

Энергетика министрлиги электр тармагын өнүктүрүү жана жаңылоо багытында 2026-жылга карата бир катар пландарды белгиледи. Анын алкагында Нарын облусунда 21 даана трансформаторду алмаштыруу каралууда.

Планга ылайык, трансформаторлор төмөнкү райондордо жаңыланат: Ак-Талаа районунда – 1, Ат-Башы районунда – 3, Кочкор жана Нарын райондорунда – 7ден, Тогуз-Торо районунда – 3 даана.

Мындан тышкары, облус аймагында кошумча 6 трансформатор орнотуу пландалууда. Анын ичинде Ат-Башы районуна – 1, Жумгал районуна – 2, Нарын районуна – 3 даана трансформатор коюлат.

Ошондой эле 2105 даана трансформаторду капиталдык жана утурумдук оңдоодон өткөрүү каралган.

Эске салсак, "КУЭТ" ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан 2025-жылы облус боюнча жалпысынан 83 даана трансформатор алмаштырылып жана кошумча орнотулган.

Анын ичинен 61 даана трансформатор алмаштырылып, 22 даанасы жаңыдан орнотулган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында электр кубаттуулугу 39 217 кВАга жогорулатылып, 121 даана трансформатор ишкананын балансына өткөрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Эмгек министри Ош жана Баткенде социалдык кызматтардын сапатын текшерди

Эмгек министри Ош жана Баткенде социалдык кызматтардын сапатын текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Ош жана Баткен облустарына жумуш сапары менен барып, министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапарынын алкагында министр мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү, ошондой эле жер-жерлердеги кызматкерлердин иши боюнча маалымат алды. Ал Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай жана Лейлек

Бишкекте B5+1 форматындагы Борбор Азия–АКШ бизнес-форуму башталды

Бишкекте B5+1 форматындагы Борбор Азия–АКШ бизнес-форуму башталды

Бүгүн Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик органдарынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн бириктирген B5+1 форматындагы эки күндүк бизнес-форум өз ишин баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Форум Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) тарабынан Министрлер Кабинети менен кызматташтыкта уюштурулду. Иш-чара региондо мамлекеттик жана

Биринчи шамал электр станциясы тармакка алгачкы мегаваттарды бере баштады

Биринчи шамал электр станциясы тармакка алгачкы мегаваттарды бере баштады

Кыргызстандагы биринчи шамал электр станциясы электр энергиясын тармакка бере баштаганын социалдык тармактар аркылуу Жашыл электр станциялары ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева билдирди. Анын айтымында, бул — сөздөн ишке өтүүнүн, ошондой эле өлкөдө шамал энергетикасын өнүктүрүүнүн жаңы баскычы болуп саналат. Өзгөчө маанилүүсү, бул долбоорду кыргызстандык "Мэтрум ТЭК" компаниясы ишке ашырганын Кундус

Корея Бишкек менен Чүйдүн абасын жакшыртууга 10 млн доллар бөлөт

Корея Бишкек менен Чүйдүн абасын жакшыртууга 10 млн доллар бөлөт

2026-2028-жылдары Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапатын жакшыртууга багытталган ири экологиялык долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-февралда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Машиев М.А. жана министрдин орун басары Раимкулова А.К. Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык