Санариптик моделден чыныгы ГЭСке чейин. Кыргызстанда уникалдуу долбоор ишке кирди
Бишкектеги Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун базасында гидроэнергетика боюнча долбоордук кеңсе ачылды. Эми ал санариптик технологиялар менен иш алып барат. “Росатомдун” отун дивизиону, университет жана “Бока Гидро КГ” менен биргеликте аддитивдик өндүрүш технологияларын ишке ашыруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
“Росатомдун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Дмитрий Константинов Кыргызстанга бул долбоор эмне үчүн керек экенин жана ал иш жүзүндө кандайча иштей тургандыгын Кактус медиага берген маегинде айтып берген.

- Дмитрий Васильевич, аддитивдик технологиялар деген эмне жана алар салттуу өндүрүш ыкмаларынан эмнеси менен айырмаланат?
Аддитивдик технологиялар - бул 3D басып чыгаруунунун жардамы менен өнөр жай продуктусун түзүүнүн ыкмасы. Салттуу өндүрүштөн айырмаланып, тетик ширетилип же материалдан кесилип даярдалбайт, бул жерде ал акырындан катмар-катмар, санариптик моделди колдонуу менен пайда болот.
Металл менен 3D басып чыгарууну айта турган болсок, анда бүгүнкү күндө ал эң алдыңкы өнөр жай технологияларынын бири. Металл порошогу лазердик тактык менен эритилет. Анын натыйжасында, — куюу же станокторду колдонуу менен өндүрүү мүмкүн болбогон же өтө кыйын болгон татаал геометриялык тетиктерди - алууга мүмкүнчүлүк берет.
Көп учурларда, санариптик модель мене 3D басып чыгаруу - долбоорлоштуруудан даяр деталга чейин бат жетишүүгө шарт түзөт. Эң башкысы ал өндүрүштүн мөөнөтүн жана чыгымдарын кыскартуунун эсебинен ишке ашырылат. Мындан сырткары да артыкчылыктары бар. Мисалы, жабдууларды оңдоо учурундагы энергия чыгымдарын 75 пайызга чейин кыскартууга болот. Ошондой эле процессти узак өзгөртүүсүз эле, башка зарыл жабдууларды өндүрүүгө тез багыттап койсо болот.
- Бул технологиялар азыр кайсы тармактарда колдонулуп жатат?
- Аны колдонуу чөйрөсү кыйла кеңири. Аларга автомобиль өнөр жайы, медицина жана энергетика кирет. Аддитивдик өндүрүш атомдук өнөр жайда да активдүү колдонулуп келет. Негизинен, бул жабдууларды өндүрүүнүн тактыгы, ишенимдүүлүгү жана ылдамдыгы маанилүү болгон тармактардын бардыгына ылайыктуу универсалдуу инструмент.
Дүйнө 3-d басып чыгаруу технологияларын өнөр жай өндүрүшүндө, анын ичинде гидроэнергетикада активдүү түрдө ишке ашыруунун босогосунда турат. Андыктан Кыргызстан бул жерде өзү үчүн гана эмес, бүткүл аймак үчүн эталон болгон аянтка айлана алат.
“Росатом” аддетивдик технология борборлорунун тармагын өнүктүрүүдө кеңири тажрыйба топтоду жана бүгүн биз бул тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. “Бока Гидро КГ” компаниясынын жергиликтүү экспетизасы менен айкалышып, бул бекем пайдубал түзөт. Биринчи практикалык долбоорлор ишке ашырылгандан кийин, бул тажрыйба КМШнын башка өлкөлөрүндө суроо-талапка ээ болооруна мен ишенем.
– Бул технологияларды экологиялык жактан таза деп айтса болобу?
– Кесиптик чөйрөлөрдө биз дайыма адеттивдик технологиялар бул бир гана инновация эмес, жоопкерчилик - деп да айтып келебиз. Салттуу өндүрүштө ар дайым ашыкча материал көп болот: массалык даярдоо бөлүкчөсү алынат да, анын ашыкчасынын баары кесилип, калдыкка айланат. Ал эми адеттивдик ыкма башкача иштейт. Тетик так санариптик чийме боюнча жасалат, биз аны катмар-катмары менен өстүрөбүз жана керектүү өлчөмдөгү металлды гана колдонобуз. Бул жерде материалды пайдалануу көрсөткүчү 100 пайызга тете.
Экология жана таза суу ресурстары улуттук артыкчылык болуп саналган Кыргызстан үчүн гидроэнергетикада мындай таза ыкмаларды ишке ашыруу стратегиялык тандоо болуп саналат. Ушундай жол менен биз тоолуу аймактын экосистемасы менен толук шайкештикте энергетиканы өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген технологиялык негизди түзүп жатабыз.
- КРСУдагы Долбоордук кеңсенин иши жөнүндө кененирээк айтып бериңизчи. Ал кандай милдеттерди аткарат?
- Долбоордук кеңсе теориялык түзүм эмес. Ал, негизинен, интеллектуалдык устакана. Анын негизги максаты - идеянын пайда болушунан баштап дарыянын бөлүгүндө иштеген чыныгы ГЭС агрегатын ишке киргизүүгө чейинки эң кыска жолду камсыз кылуу болуп саналат. Биз үч негизги элементти бириктиребиз: университеттин илимий базасын, “Росатомдун” технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жана “Бока Гидро КГ” компаниясынын гидроэнергетика жаатындагы прикладдык экспертизасын. Кеңсе чакан жана орто ГЭС үчүн жабдууларды долбоорлойт жана аддиттивдик технологиялардын натыйжасында 3D принтерлерди колдонуп тетиктерди дароо чыгара баштайт.

Университеттин алдыдагы жылдарда технологиялык өнөктөштүгүнүн ролун кандай элестетесиз?
Биз университетти жөн гана окуу жайы эмес, толук кандуу инновациялык экосистема катары карайбыз. Долбоордук кеңсе жана лабораториялар Кыргызстандагы таланттуу студенттерге теориялык билимдерди гана эмес, энергетика тармагында практикалык тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал өлкөнүн инженердик элитасын өстүрүүчү жайга айланат.
Бүгүн биз меморандумга кол коюп жатабыз, ал эми эртең бул кеңседе окууну аяктаган бүтүрүүчүлөр 3D басып чыгарууну колдонуу менен жабдууларды түзүү боюнча өнөр жай аянтчаларында иштешет. Негизинен, биз инженердик мектеп куруу, эң тайманбас идеяларды ишке ашыруу жана өлкөнүн технологиялык эгемендүүлүгүн чыңдоо жөнүндө сөз кылып жатабыз.