Камбар-Ата ГЭС-1дин инженердик-геологиялык изилдөөлөрүнө конкурс жарыяланды

Камбар-Ата ГЭС-1дин инженердик-геологиялык изилдөөлөрүнө конкурс жарыяланды

Энергетика министрлигинин Долбоорлорду башкаруу бөлүмү Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун аймагында инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча конкурс жарыяланганын билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, сатып алуу "Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Конкурстун предмети – ГЭСтин жайгашуусу боюнча аймакта инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн комплекстүү жүргүзүлүшү. Сатып алуу чексиз ыкма менен, эки пакеттүү системада жүргүзүлөт.

Конкурстун маалыматы 2026-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу акыркы мөөнөтү – 2026-жылдын 23-февралы, саат 14:00гө чейин.

Алдын ала кеңеш берүү жыйынтыгы жана объектти көрүү 2026-жылдын 12-февралында кызыкдар катышуучулар үчүн уюштурулат.

Министрлик белгилегендей, конкурсунун катышуучулары квалификациялуу уюмдар болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана конкурс талаптарына жооп бериши керек.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"