Баткенде 22 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Баткенде 22 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Баткен электр тармактар ишканасы 2026-жылы 220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы 22 көмөк чордонду капиталдык оңдоодон өткөрөт. Бул иштер Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу тапшырмаларынын алкагында жүргүзүлөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Атап айтканда:

  • 220/110/10 кВ “Алай” көмөк чордонунда ОРУ жабдууларынын жерге туташтыруу контуру жаңыланат.
  • 110/35/6 кВ “Арка” жана “Жин-Жиган” көмөк чордонунда трансформаторлор алмаштырылат.
  • 35/6 кВ “Сүлүктү” көмөк чордонунда тоскучтар (РВС) 35 кВ толкундуу өчүргүчтөргө (ОПН) алмаштырылат.
  • 6–10 кВ чыңалуудагы майлуу өчүргүчтөр 8 объектте вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылат.
Мындан тышкары, электр эсептөө, коргоо жана контролдоо системаларынын тактыгын жогорулатуу максатында бир катар чордондордо ток жана чыңалуу трансформаторлору жаңыланат. Айрым объекттерде эскирген май өчүргүчтөр заманбап элегаздуу же вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылат.

Баткен электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматында жалпы 51 көмөк чордон бар:

  • 220/110/35 кВ — 2 даана
  • 110/35/10 кВ — 15 даана
  • 35/10/6 кВ — 34 даана
Жабдууларды модернизациялоо электр энергиясын бөлүштүрүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"