Ысык-Көлдө электромобилдер үчүн заряддоо станциялары орнотулат
Энергетика министрлиги экологиялык абалды жакшыртууга жана экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү планын колдойт. Мунун алкагында "Чакан ГЭС" ААК тарабынан Ысык-Көл облусуна жалпы 10 зарядоочу станция орнотот. Учурда жер тилкелерин ижарага алуу боюнча зарыл болгон документтер даярдалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Аталган 10 заряддоо станция төмөнкү аймактарга орнотулат:
Балыкчы шаары — 2 жер тилкеси;
Бөкөнбаев айылы — 1 жер тилкеси;
Кызыл-Суу айылы — 1 жер тилкеси;
Каракол шаары — 2 жер тилкеси;
Түп айылы — 2 жер тилкеси;
Чолпон-Ата шаары — 2 жер тилкеси.
Зарыл документтер бүткөн соң курулуш-монтаждоо иштери башталат. Заряддоо станцияларды быйылкы жылы ишке берүү пландалууда.
Бул долбоор экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүүгө, аймактын туристтик жана транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга, ошондой эле электромобил ээлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.