Бакай-Атада электр чубалгылары жана трансформаторлор модернизацияланат

Бакай-Атада электр чубалгылары жана трансформаторлор модернизацияланат

Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен Бакай-Ата районунда март айынан баштап электр тармактарын модернизациялоо жана тейлөө иштери жүргүзүлөт. Муну менен район калкы сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздалат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Жалпы пландалган иштер:

  • 10 кВ аба чубалгысында 29,985 км аралыкта капиталдык ремонт, 295,270 кмде техникалык тейлөө;
  • 0,4 кВ аба чубалгысында 362,982 км аралыкта техникалык тейлөө;
  • 40 трансформатор капиталдык ремонттон өтөт, 286 трансформатор пландуу тейлөөгө алынат;
  • 6,3 км 0,4 кВ аба чубалгысын СИП-2 менен алмаштыруу;
  • 158 жыгач мамычаларды темир-бетон мамычаларга алмаштыруу;
  • 9 трансформатордун кубаттуулугун жогорулатуу жана 2 кошумча трансформатор орнотуу.
Мындан тышкары, Кең-Арал айылында реконструкция иштеринин алкагында 4,5 км СИП-3 аба чубалгысы алмаштырылып, 92 даана мамыча жаңыланат. Кыргызстан айылында 100 метр 10 кВ аба чубалгысында СИП-3 кабели курулуп, 6 даана мамыча орнотулат.

Аталган иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга жана район калкын туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган. Алар 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык үчүн жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы