Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду.
Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн.
Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17 млн сом төлөшкөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 150,34 млн сомго көп.